Ак-Тал айыл аймагынын айылдык клубунда 24-февраль 2019-жылы облустук деңгээлде жаштар жана окуучулар арасында күрөш боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке Ак-Талаа районунун жана Нарын шаарынын мыкты деген спортсмендери келип күч сынашышты. Жеңүүчүлөрдү Ардак грамота жана атайын белектер менен сыйлашты. Айылдын 1986-жылкы балдар уюштуруп берген сый тамак берилип жылуу маанайда таркашты.