Ак-Тал айылында 2019-жылдын 9-февралында жылда өтүүчү хоккей оюну болуп өттү. Иш чараны айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сатаров ачып, айылдык имам Ж.Акматов, айылдын депутаттары сүйлөп куттуктоолорун айтышты. Оюн 1983-жылкы балдар тарабынан уюшулуп, 10 кварталдан турган айылдын тургундары катышышты. Анда кол күрөш, аркан тартыш, бука тартыш, эр эңиш, чака чапмай, кызыктуу оюндар, жана башка оюндар менен коштолду. Биринчи жолу аялдар арасында хоккей оюуну ойнолуп, эки команда оюунга катышышты. Иш чара “Сергек жашоо” урааны астында алкоголдук ичимдиктерсиз өткөрүлдү. Ошондой эле келген элге бир күн боюу дасторкон даярдалып ысык кофе берилди. Иш чаранын аягында жеңүүчөргө грамота, акчалай сыйлыктар берилди. Кийинки жылда өтүүчү хоккей оюунун 1984-жылкы балдарга өткөрүп беришти.