Ак -Тал айыл аймагында Мугалимдер күнүн окуучулар куттуктады

08 Октября 2018

Ак -Тал айыл аймагында Мугалимдер күнүн окуучулар куттуктады

5-октябрь күнү мектептик парламент тарабынан дублердук сабактар өттү. Анда директор, окуу завуч, тарбия завучтарды шайлап мугалимдер эс алуу күн катары спорттук иш-чарага жана концерттик программага катышып беришти. 11-класстын окуучулары спорттук оюндарды өткөрүштү, анда эстафета, кол күрөш жана башка оюндар болуп өттү. оюндун ачылышында 8- класс тарабынын уюштурулган флешмоб болду. Андан соң 11-класстын класс жетекчиси Саякбаева Айнура Шабданбековна класстык саат өттү. Мугалимдерди куттуктап  парламент тарабынан  дасторкон даярдашты.  Ошондой эле мугалимдерге арналган слайд,кызыктуу оюндар, кызыктуу фактылар  жандуу үн менен гитаранын коштоосунда мугалимдерге арналган ыр саптар аткарылды.Алып баруучулар дайындалып алар мугалимдерди  кызыктуу оюндар менен кубантып өздөрүнүн таланттарын көрсөтүп беришти. Ошондой эле ар кайсы тилдерде куттуктоолор айтылды. Ар кандай  көркөм окуулар болду.