Өнүгүү планы

Ак-Тал  айылы  боюнча  "2018 - 2022  - жылдарга   айылды    өнүктүрүүнүн      «Жол картасы»

Долбоордун  аталышы Иш  чаралар Аткаруу  мөөнөтү Күтүлүүчү  натыйжа Жооптуулар
Билим  берүү  тармагы
1/1 Аскар Турдакунов атындагы  орто мектебин заман талабына ылайык курууга даярдыктарды көрүү.  Мектепти  мамлекет  тарабынан  курулушка  өткөрүү  үчүн  тиешелүү  документтерин  даярдоо  (ПСД)  жана  өткөрүү 2018-ж Мектептин жаңы курулушуна тиешелүү долбоорго  өтүүсүнө  даяр болот. А.Турдакунов  атындагы орто мектебинин жамааты.

Спорт  аянтчасына спорттук   жабдууларды алуу
 

2018-2022-жж Мектеп окуучуларынын ар кандай спорттук иш чараларды өтүүсүнө мүмкүнчүлүк  түзүлөт.
Санитардык  гигиеналык  абалын  жакшыртуу 2018-2022-ж Бруцеллез, кургак учукж.б жугуштуу  оорулардын алдын  алынат. 
Көмөкчү  чарба  түзүү   Кенже класстын окуучуларынын туура тамактануусуна шарт түзүлөт.
Мектептин  алдына  брусчатка  төшөө   Мектепке  кирүүгө ыңгайлуу болот, айланасынын таза болуусу күтүлөт.
Мектептин  айланасын  тосуу   Окуучулардын  коопсуздугу  сакталат.
Ашканасын эмерек,  идиш-аяк  менен  камсыздоо   Кенже  класстын окуучуларынын тамактануусу  толугу  менен камсыздалат.
Жашылдандыруу  көрктөндүрүү боюнча аракеттерди  көрүү   Мектептин  айланасына  жашылдандыруу-көрктөндүрүү  иштери  жүргүзүлөт.
Интернетке  кошуу   Материалдык  техникалык  базасы  жеткиликтүү  пайдаланылат.
1/2 Ак-Тал  бала  бакчасын  2018-2022-жылдары  заман  талабына  ылайык  куруу Ак-Тал бала бакчасын  типтүү заманга  ылайык  курууга  иш аракеттерди  көрүү.   Ак-Тал бала бакчасын курууга  жер тилкесин  тактоо  иштери  жүргүзүлөт. Ак-Тал   бала бакчанын  жамааты
Ак-Тал  бала  бакчасын  мамлекет тарабынан  курулушка  өткөрүү  үчүн  тиешелүү  документтерин  даярдоо  (ПСД)  жана  өткөрүү   Мамлекет тарабынан курулуучу долбоорго сунуштап өткөрүү, долбоорго ылайык иш кагаздарды даярдоо (дефект акт, смета, ж.б.)
Балдар  ойноочу  аянтчаны  жасалгалоо жана эмерек, орг.техника менен  камсыздоо.   Донор  уюмдарга кайрылып, компьютер, китеп, оюнчуктар, керектүү мебель  менен  камсыз болот, балдардын билим  алуусуна, тарбиялануусуна шарттар түзүлөт.
Интернетке  кошуу
 
  Материалдык  техникалык  базасы  жеткиликтүү  пайдаланылат.
  Саламаттыкты  сактоо  тармагы
2/1 ФАП ФАПты  капиталдык  ремонттон  өткөрүү   ФАПтын  имаратынын  жылуугу толук  камдуу  бүткөрүлөт, кызматкерлердин иштөөсүнө  ыңгайлуу шарт түзүлөт. Айылдык  ФАПун жамааты
Аптеканы  куруу  
Жашылдандыруу-көрктөндүрүү   ФАПтын  айланасына  жашылдандыруу-көрктөндүрүү  иштери  жүргүзүлөт.
Кире  беришти  брусчаткалоо, айланасын  тосуу   ФАПка   кирүүгө ыңгайлуу болот, айланасынын таза болуусу күтүлөт.
Көмүркана  салуу   Көмүр  отунун сакталуусу  колго  алынат.
2/2 Медициналык  жабдуулардын  жетиштүүлүгү Медициналык  жабдуулар  менен  камсыз  кылуу.   Кан  басым  ченегич, акушердик  жабдуулар, кичи хирургиялык  аспаптар  менен толук  камсыз  болуп, калкты тейлөөгө  шарттар түзүлөт. 

Маалыматтты толук жүктөп алуу:  Ак-Тал айыл аймагынын 2018-2022-жылдарга түзүлгөн өнүгүү планы