Автор: Батыркулова Элнура
Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүдө 2019-жылдын 23-24-апрель күндөрү “Муниципалитеттин социалдык-экономикалык өнүгүү программасын даярдоо” темасында айыл өкмөтүнүн адистери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, жергиликтүү жамааттын лидерлери – жигердүү тургундар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү окушту.
Тренингдин максаты: Муниципалитеттин социалдык-экономикалык өнүгүү программасын даярдоо усулдары тууралуу тренингдин катышуучуларынын билим деңгээлин жогорулатуу, аларды анализ жасоо, максаттар менен тапшырмаларды туура түзүү, иш-аракеттер планын жана МжБ пландарын даярдоо жөндөмүн өнүктүрүү.
Тренингдин тапшырмалары:
Окуу семинарды “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик процесс” долбоору Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институтунун адиси Балакунова Айнура жогорку деңгээлде өткөрүп, кенен маалымат берди, катышуучуларга атайын даярдалган колдонмо китептер таратылып берилди.