Үч айлык ишембилик башталды

28 Марта 2019

                      Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  “2019-жылды  региондорду  өнүктүрүү  жана  өлкөнү  санариптештирүү  жылы  деп  жарыялоо  жөнүндө”    Жарлыгын  ишке  ашыруунун   алкагында  жана   Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  17-март  2017-жылдагы  “Үч  айлык  жашылдандыруу”  боюнча  чыгарылган №106-р  буйругун  аткаруу  максатында   Ак-Тал  айыл аймагындагы    мекеме-ишканаларга ,  чарбакер  субьекттерге   менчиктин  түрүнө   карабастан  көчөлөрдү,  короолорду  тазалоо  боюнча   ишембиликтерди  өткөрүү  үчүн   айыл  өкмөтү  тарабынан  түшүндүрүү  иштери  жүргүзүлүп  башталды.  Мында  айыл  өкмөтүнүн,  бала  бакчанын,  мектептин,    социалдык  обьектилердин  имараттарынын  жана  жеке  үйлөрдүн  тышкы  көрүнүштөрүн  тийиштүү  калыпка  келтирүү,  көчөөлөргө  түнкү  жарыктандырууну  орнотуу  боюнча  иш  алып  баруу,  тосмолорду,  дубалдарды  талаптагыдай  түргө  келтирүү  менен  айлана  тегерегин  көрктөндүрүү  боюнча  сунуштар  киргизилди.  Бул  боюнча  Ак-Тал  айыл  аймагында  мекеме-ишканалар  ар  жуманын  алтынчы  күндөрү   айлана  тегерегин  тазалап  ишбеликтерди  байма-бай  өткөрүп башташты.