2019-жылдын 21-март күнү Ак-Тал айылында нооруз майрамы жогорку деңгээлде белгиленди. Кыргыз элинин улуттук тамак-ашын даңазалоо максатында айылдын 10 кварталы жарманкеге катышып, 2-кварталдын жашоочулары 1-орунду жеңип 1000 сом менен калган кварталдын жашоочулары да акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Келген элге сүмөлөк таратылып ак элечек апалар алас ырымын жазашты. 1978-жылкы “А” классты бүтүргөн балдардардын демөөрчүлүгү астында Ак-Тал айылынын тургуну Дүйшеев Бейшебек атанын жана Чокморова Сайрабүбү апанын 3 эркек 7 кызы алардын кыргыз элине белгилүү обончу, аткаруучу кызы Дүйшеева Бурул болуп чоң программада концерт тартуулашты. Концерти утурлай эле айылдын алдыңкылары айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин “Ардак грамоталары” жана айылдын “Ардактуу жараны” наамы менен сыйланышты.