Ак-Тал айылы 10 кварталга бөлүнөт. Ар бир квартал өз аймактарын күз-жаз тазалап ишбиликтерди уюштуруп, ар кандай оюн зоокторду өткөрүп турушат. Айыл өкмөтү тарабынан жылдын жыйынтыгы чыгарылып 21-март Нооруз майрамына карата “Мыкты квартал” сыйлыгы тапшырылат. 2018-жылы 5-кварталдын жашоочулары “Мыкты квартал” наамына ээ болуп айыл өкмөтү тарабынан диплом жана 1500 сом утуп алышты. 5-кварталдын жашоочулары утуп алган акчасына кошумча 7000 сом акча чогултуп жалпы 8500 сомго 8 жерге түнкү чырактарды орнотушту. Буюрса быйылкы 2019- жылга 5-кварталдын жашоочулары кайрадан акча чогултуп дагы жетпей калган 4 жерге түнкү чырактарды орноту үчүн демилге көтөрүп жатышат.