Ак-Тал айыл аймагынын айылдык клубунда 24-февраль 2019-жылы облустук деңгээлде жаштар жана окуучулар арасында күрөш боюнча мелдеш өткөрүлдү. Мелдешке Ак-Талаа районунун жана Нарын шаарынын мыкты деген спорт клубунун жаштары окуучулары келип күч сынашышты. Жеңүүчүлөрдү Ардак грамота жана атайын белектер менен сыйланышты. Айылдын 1986-жылкы балдар уюштурган сый тамагына күбө болуп, жылуу маанайда таркашты.