А.Турдакунов атындагы орто мектебинде “Башталгыч классында окутуунун жаны натыйжалары” деген темада тренинг болуп отту.
Бул иш чара 25-октябрда Аскар Турдакунов атындагы орто мектебинде өткөрулүп, анын максаты башталгыч класстардын окуучуларынын компетентүүлүктөрүн калыптандырууга багыттоо болду. Мектеп мурда Ак-Тал орто мектеби деп аталып, ал 1968-жылы негизделген. Учурда мектепте жалпы 281 окуучу окуп тарбияланып 34 мугалим тарбия берип келүүдө. Семинарга аймак башчысы:Э.Сатаров,Ак-Талаа райондук билим беруу тарабынын өкүлдөрү, акимдин орун басары К.Карагулова жана Ак-Талаа районундагы мектептердин башталгыч класстарынан бирден мугалим келип катышышты. Бул бир күндүк иш чарада мектептин башталгыч класстарынын мугалимдери ачык сабактарды өтүшүп, башка мектептин мугалимдери менен тажрыйба алмашышты.