Ак-Тал айыл аймагында Мугалимдер күнү

08 Октября 2018

Ак-Тал айыл аймагында Мугалимдер күнү

Ак-Талаа районунун Аскар Турдакунов атындагы орто мектебинде мугалимдер күнү 5-октябрда  белгиленди.11-класстын окуучулары тарабынан   мугалимдерге арналып чакан концерттик программа уюштурулду. Окуучулар мугалимдердин бир күндүк ишин жеңилдетүү максатында дублердук сабактар өтүлдү. Окуучулар мугалимдер үчүн ар кандай спорттук оюн-мелдештерди, түрдүү кызыктуу оюндарды өткөрүштү. Андан кийин 11-класстын окуучулары  мугалимдерди куттуктап атайын  майрамдык стол даярдап, чакан концерттик программадагы кече уюштурушту. Мугалимдерге арнап куттуктоолорду, ыр бийлерди аткарышты. Атайын слайд презентацияларды даярдап, майрамды кызыктуу, көңүлдүү  өткөрүштү.