Ак-Талдыктар коңшулаш аймактардын өкүлдөрүн кабыл алышты

20 Июня 2018

Ак-Талдыктар коңшулаш аймактардын өкүлдөрүн кабыл алышты

2018-жылдын 19-июнунда Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылдык аймагында райондун бардык аймактарынын өкүлдөрүнүн башын бириктирген тажрыйба алмашуу боюнча иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты - Ак-Тал аймагынын ЖӨБ органдарынын коомдук иш-чараларды, маалымат өнөктүгүн уюштуруу жана өткөрүү аркылуу өз ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү тажрыйбасы менен башка аймактардын чечим кабыл алуучу өкүлдөрүн тааныштыруу болгон.

Иш сапарга Ак-Талаа районунун бардык ЖӨБ органдары жана Нарын облусунун башка райондорунан швейцариялык Долбоор менен кызматташып жаткан максаттуу муниципалитеттеринин айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештердин төрагалары жана жооптуу адистер чакырылган. Иш-чаранын жүрүшүндө  КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этникалар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин Нарын облусундагы расмий өкүлү Кайрат Турсунов, Ак-Талаа районунун башчысы, аким Нурбек Молдокадыров катышуучуларды көрүп үйрөнгөн тажрыйбаны пайдаланып, өз аймактарында да ушул сыяктуу талкууларды жүргүзүп. жергиликтүү жамааттардын Уставын кабыл алуусуна чакырышты.  

Иш-чара Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги аркылуу Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору тарабынан коомдук иш-чараларды, маалымат өнөктүгүн уюштуруу жана өткөрүү аркылуу ЖӨБ органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду. Ак-Тал айылдык аймагы аталган Долбоор менен 2017-жылдын май айында түзүлгөн Кызматташтык тууралуу Меморандумдун негизинде максаттуу муниципалитет катары иштешип келет.