Иш-чаранын жүрүшүндө айыл өкмөт башчысы жыйындын катышуучуларына Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу каржыланып, кыргызстандык бейөкмөт мекеме – Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында иштелип чыккан Биргелешкен аракеттер планынын 2018-жылы аткарылышы, анын жүрүшүндөгү кыйынчылыктар, натыйжалар жана 2019-жылга карата пландаштырылган иш-чаралар тууралуу кеңири маалымат берип өттү.
Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылындагы ишембилик
Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Тал айылында айылдын ичин тазалоо иштери жүргүзүлдү. Ага апарат кызматкерлери жана айылдын тургундары көмөк көргөзүштү. Айылдын четине бактар отургузулду
Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылынын малчылары менен жолугушуу
2018-жылдын август айында Арпа жайлоосунда малчылардын тою болуп өттү. Анда ар кандай улуттук оюндар өткөрүлдү. Айыл өкмөт башчысы Э.Сатаров малчылар менен жолугуп, алардын маселелерин жеринен чечип келди
Ак-Тал айыл аймагынын элдик жыйыны, 15.11.2017
Жыйындын жүрүшүндө аймактагы көйгөйлүү маселелер талкууланды.
Айыл өкмөттүн сүрөттөрү
Ремонттолгон иш аракеттер жөнүндө сүрөттөр
Муниципалдык веб-сайтты башкаруу боюнча семинар
Нарын облусунда 2018-жылдын 17-18-октябрында өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдүрү: Жаманкулова Н. жана Жаналиева Г. муниципалдык веб-сайтты түзүү жана ага маалыматтарды жайгаштыруу боюнча семинар-тренинг өтүштұ. Семинарга айыл аймактардын өкүлү, мектептин окуучулары жана информатика мугалимдер келип катышышты. Тренинг эки күнгө созулуп аябай кызыктуу өттү.
Ак-Тал айылдык аймагынын тургундары Жергиликтүү жамааттын уставын талкуулашты
Талкуулоо иш-чарасы 2018-жылдын 19-июнунда айылдык клубдун имаратында болуп өттү.