2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылынын алкагында Ак-Талаа райондук маданият бөлүмү, райондун аймагындагы жашоочулардын жана мекеме-ишканалардын арасындагы ырчылык өнөрдү аздектеген, комузчу, манасчы, ырчы, чечен кыргыздын маданий баалуу мурасы болгон каада салтты сактаган таланттуу өнөрпоздор арасында “Кыз-Жигит” сармерден кароо-сынагын өткөрөт. 2019-жылдын 19-апрелинде Ак-Тал айыл аймагынын айылдык клубунда Үгүт, Байгөнчөк айылынын жигиттери менен Ак-Тал айылынын кыздары беттешет. “Кыз-Жигит” сармерден кароо-сынагына келип катышып кетиңиздер.