Ак-Тал айыл аймагындагы 2020-2022-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүү программасы
Мазмуну
Тиркемелер.
Өнүгүү программасын ишке ашыруу боюнча отчеттор (ички жана тышкы чөйрөлөр).
Калктын муктаждыктарын аныктоо боюнча ( ЖМБА ) иш-чаралардын отчеттору.
Жумушчу топтун курамы жана планы
Урматтуу Ак-Тал айыл аймагынын тургундары!
Ак-Тал айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасы жумушчу топ тарабынан иштелип чыкты. Айылыбыздын социалдык-экономикалык өнүгүү программасы биздин өнүгүү максатыбызды жана ал максатыбызды кантип жетүү боюнча иш аракеттерди программа камтыйт№ Андан тышкары бул программада максаттарга жетүүдөгү жергиликтүү бийликтин кылган иш аракеттери аныкталган.
Бул процесске салым кошкон бардык жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнө, жумушчу топко чоң ыраазычылык билдирем. Сунушталган социалдык-экономикалык өнүгүү программа айыл аймагыбыздын жакынкы 3 жыл аралыгында ыкчам жана туруктуулук менен өнүгүү багыттарын аныктап, өнүгүү жолдорун чагылдыруучу документ болуп эсептелет.
Ошентип азыркы шартта айылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасы айыл өкмөтүнүн ишинин маанилүү чөйрөсүнө айланууда. Биз өз жоопкерчилигибиздин негизинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, айыл тургундарынын жашоо турмушун жакшыртуунун жолдорун издөөгө тийишпиз. Бул биздин жашоо турмушубуздун ар кандай чөйрөлөрүндө маселелерди биргелешип чечүү боюнча максатка багытталган аракеттерди талап кылат. Биз алдыга койгон максаттарыбызга жетүү үчүн колдо болгон ресурстарыбызды туура пайдалануу менен жана талыбас мээнет менен кыйла зор ийгиликтерге жете алабыз.
Ак-Тал айыл аймагынын социалдык жана экономикалык дңгээлинин өнүгүүсүнө терең ишенем жана сиздер менен бирге аракет кылабыз. Ак-Тал айыл өкмөтү буга чейин көптөгөн долбоорлор менен иштешип келгенбиз жана мындан ары айылдын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын негизинде көптөгөн долбоорлор менен иштей бермекчибиз.
Ушул Ак-Тал айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашырууда жалпаы күч аракет менен алдыга койгон максаттарга жетебиз. Мен ийгиликке ишенем.
Уландысын шилтемеден караныз
/upload/file/PSR_10062019.docx