Ак-Тал айылдык Кенешинин кезектеги VIII сессиясынын Т О К Т О М У № 8 / 2

22 Января 2018

Ак-Тал  айылдык Кенешинин  кезектеги   VIII  сессиясынын

Т О К Т О М У  №  8 /  2

 

 

2018-жылдын 22-январы.                                                                                                                                                                  Ак-Тал айылы.

 

Ак-Тал айыл аймагына  мектеп  салуу  тууралуу

        Ак-Тал айыл  аймагынын  айыл  өкмөт  башчысы  Сатаров  Эркинбектин  билдирүүсүн  угуп,  депутаттардын сын-сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Ак-Тал айылдык Кенешинин сессиясы  токтом кылат:

 

  1. Ак-Тал айыл аймагындагы А.Турдакуноватындагыортомектеби1968-жылы курулгандыктанэскилигижетип, кулай турган абалга келипкалгандыгыбелгиленсин.
  1. Жогорудагыларды эске  алып, Ак-Тал  айыл  аймагына  жаңы  мектеп  салуу  үчүн  уруксат  берилсин.
  1. Жер  участогун  аныктоо  жагы  Ак-Талаа  райондук  мамлекеттик  каттоо башкармалыгынан  жана Ак-Талаа райондук архитектура жана  шаар курулуш башкармалыгынан  суралсын.
  1. Бул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы  жер, агрардык  реформа, курулуш, транспорт, байланыш боюнча  тармактык комиссиянын  төрагасы  Рысбеков  Кубанычбекке  милдеттендирилсин.

 

 

Кенештин төрагасы:                                                                   М.Сулайманов.

_______________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

Жиберилсин: иш кагазына, А.Турдакунов атындагы орто мектебине.