Ак-Тал айылдык Кенешинин кезектеги VIII сессиясынын Т О К Т О М У № 8 / 1

22 Января 2018

Ак-Тал  айылдык Кенешинин  кезектеги   VIII  сессиясынын

Т О К Т О М У  №  8 /  1

 

 

2018-жылдын 22-январы.                                                                    Ак-Тал айылы.

 

 

Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  ФЭБ башчысы   Жапаров Ильичбектин билдирүүсү жөнүндө

                Ак-Тал айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн  ФЭБ башчысы  Жапаров Ильичбектин билдирүүсүн  угуп,  депутаттардын сын-сунуш, пикирлерин угуп жана талкуулап, Ак-Тал айылдык Кенешинин сессиясы  токтом кылат:

 

  1. Ак-Тал айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн  2018-жыл  үчүн  түзүлгөн  жергиликтүү  бюджетинин  сметасы  бекитилсин.
  2. Бул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы  социалдык, финансы жана бюджет  боюнча  тармактык комиссиянын  төрайымы  Рыспаева  Айнагүлгө  милдеттендирилсин.

 

 

 

    

Кенештин төрагасы:                                                                   М.Сулайманов.

__________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

Жиберилсин: иш кагазына ФЭБ башчы И.Жапаровго.